КЕЙПТАУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЙПТА́УН (англ. Cape Town, Capetown), К а п­с т а д – ТАРдын түш.-батышындагы шаар.
Батыш Кейп провинциясынын адм. борбору. Атлантика океанынын жээгинде, Илгери Үмүт

Шаардын бир бөлүгү.

тумшугуна жакын жайгашкан. ТАРдын өкмө­түнүн резиденциясы. Калкы 3,4 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири). Ири жол­дор тоому. Порт (жылына 42 млн т жүк ташы­лат). Эл аралык аэропорту бар. 1652-ж. негиздел­ген. Ыйык Андрей чиркөөсү (1929), Ыйык Геор­гий собору (1904), Түш. Африка королдор коому (1877), калк китепканасы, ун-т, Түш. Африка музейи, улуттук галерея, филармония, опера мектеби бар. Хим., текстиль, машина куруу, нефть ажыратуу, жыгаччылык, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Алмаз кырдалат. 17–18- к-дын арх-ра эстеликтери сакталган. 1652-ж. голланддар тарабынан негизделген. К-га жакын Африкадагы алгачкы АЭС курулган. Ботан. бак уюштурулуп, анда Түш. Африканын флорасы­нын уникалдуу коллекциясы өстүрүлөт. Океана­рий ж-а аквапарк бар. Жыл сайын менестрель (эшик ырчы) фестивалы өткөрүлүп турат. Ту­ризм өнүккөн (жылына 1,6 млн турист келет).