КЕДРИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:29, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ДРИНА Зоя Сергеевна [18 (31). 8. 1904, Мос­ква – 1998, ошол эле жер] – адабиятчы, фило­логия илимдеринин доктору (1974), сынчы, котормо­чу. Москвадагы Горький атындагы дүйнөлүк адабият ин­ститутун (1938) бүтүргөн. Адабий сынчылык ишин 1930-жылдары казак адабияты боюнча макала жазуу­дан баштаган. Кедринанын орус ж-а СССР элдеринин адабиятынын ар кыл маселелерин изилдөөгө арнал­ган китептери, 300дөн ашуун адабий-сын мака­лалары жарык көргөн. Ал кыргыз адабияты м-н адабият таануу илиминин айрым маселелери ж-а Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Т. Ка­сымбеков ж. б. акын-жазуучулардын чыгармачылык­тары тууралуу ондогон макалалардын автору. Өзбек ССРинин Бируни атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (1970). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белги­си» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Мухтар Ауэзов. М., 1952; Литературно-кри­тические статьи. М., 1960; Главное – человек. М., 1972.