КЕБЕКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕБЕКОВА Батма (15. 6. 1935-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Чоң-Кемин айылы) – фольклор изилдөөчү, КРдин илим ж-а техника жаатын­дагы мамл. сыйл. лауреаты (2004), КРдин мад­тына эмг. сиң. ишмер (1995), филология илимд. кандидаты (1964). Фрунзе ш-ндагы В. В. Мая­ковский атн. Кыргыз кыз-келиндер педин-тун бүткөн (1954). КМУда аспирант (1954–57), оку­туучу (1957–58), Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунда кенже ил. кызматкер (1958– 65), улук ил. кызматкер (1966–86), жетектөөчү ил. кызматкер (1986–90), 1990-жылдан бөлүм башчы. «Кыргыз, казак фольклордук байланы­шы» (1982) деген монографиянын, «–Курманбек– эпосунун варианттары» (1961), «Эр Табылды эпо­сунун идеялык багыты жана көркөмдүк өзгөчө­лүгү» (1963), «Кедейкан эпосунун идеясы жана көркөмдүк өзгөчөлүгү» (1964), «Кыргыз совет аң­геме жанрынын өсүш жолдору» (1967), «Кыр­гыз, казак акындар чыгармачылыгынын бай­ланышы» (1985), «Кыргыз эл ырлары» (1994), «Кыргыз элинин каада-салт ырлары» (2001) ж. б. ил. эмгектердин автору.