КЕБЕКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕБЕКОВА Батма (15. 6. 1935-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Чоң-Кемин айылы) – фольклор изилдөөчү, КРдин илим ж-а техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КРдин мад­аниятына эмгек сиңирген ишмер (1995), филология илимдеринин кандидаты (1964). Фрунзе шаарындагы В. В. Мая­ковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пединститутун бүткөн (1954). КМУда аспирант (1954–57), оку­туучу (1957–58), Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда кенже илимий кызматкер (1958–65), улук илимий кызматкер (1966–86), жетектөөчү илимий кызматкер (1986–90), 1990-жылдан бөлүм башчы. «Кыргыз, казак фольклордук байланы­шы» (1982) деген монографиянын, «Курманбек" эпосунун варианттары» (1961), «Эр Табылды эпо­сунун идеялык багыты жана көркөмдүк өзгөчө­лүгү» (1963), «Кедейкан эпосунун идеясы жана көркөмдүк өзгөчөлүгү» (1964), «Кыргыз совет аң­геме жанрынын өсүш жолдору» (1967), «Кыр­гыз, казак акындар чыгармачылыгынын бай­ланышы» (1985), «Кыргыз эл ырлары» (1994), «Кыргыз элинин каада-салт ырлары» (2001) ж. б. илимий эмгектердин автору.