КЕБЕК БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕБЕК БИЙ Эсиркемиш уулу (т. ж. б. – 18-кылым­дын 2-жарымы, Чүй өрөөнү) – солтонун бөлөкбай уруусунун бийи; кыргыз-казак мамиле­лери боюнча саясий ишмерлердин бири (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыр­гыны). Калыс, сөзгө чебер болгондуктан, 1850- жылдары кыргыздардын курултайын уюшту­рууга ж-а аларды калмактан бошой баштаган мурунку конуштарына көчүрүүдө жигердүү роль ойногон (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 18-кылымдын 2-жарымында конуш маселеси боюнча Эсен­кул баатыр жүргүзгөн саясатты колдоп, кыр­гыз-казак мамилелеринин татаалданышына бай­ланыштуу кыргыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Түлөберди м-н бирге саяк, талкан ж. б. урууларынын бийлери Садыр, Жайыл, Мо­моконду биримдикке чакырган. Кээ бир маалы­маттарда Абылай хан кыргыздарга салык са­лып сынаганда, кыргыздардын атынан аны Кебек бий төлөп берген деп айтылат.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.