КВАДРУПОЛЬ
КВАДРУПО́ЛЬ (лат. quadrum – төрт бурчтук ж-а гр. pjlos – полюс) – заряддалган бөлүкчөлөрдүн электр заряды тең салмактуу болгон системасы. Ал бири биринен а аралыгында жайгашкан, диполдук моменттери карама-каршы, чоңдугу бирдей эки диполдун системасы катары каралат (а-сүрөт). К-дун негизги мүнөздөөчү чоң-

дугу – анын К-дук моменти (Q). б-сүрөттө көрсөтүлгөн К. үчүн Q=2elа, мында е – заряддын абс. чоңдугу, l – диполдун өлчөмү. Заряддалган бөлүкчөлөр системаларынын өз ара аракеттешүүсү системада К-дук моменттин бар экендиги м-н түшүндүрүлөт. Эгерде системанын заряды же диполдук моменти нөлгө барабар эмес болсо, анда К. өз ара аракеттешүүнү эсепке албаса болот. Себеби анын чоңдугу электр-статикалык ж-а диполдук өз ара аракеттешүүдөн бир канча эсе кичине. Бул аракеттешүү атомдордун алыс аралыкта аракеттешүүсүндө чоң мааниге ээ. Анын энергиясы аралыктын өсүшү м-н 1/R5 катышында кичирейсе, ошол эле мезгилде диполдук өз ара аракеттешүү энергиясы 1/R6 катышында азаят. Ошондуктан К-дук өз ара аракеттешүү чоң аралыкта орчундуу мааниге ээ, о. эле ядролук физикада ролу чоң.