КАШЫК КАП
КАШЫК КАП – кашык салуучу чакан баштыкча. Бир жак бети сайма, оймо-чиймелер м-н көркөмдөлүп, таар, кийиз ж-а кездемеден жасалган. К. к-ка боо тагылып, керегенин башына илинет. К. к. катары чаарчыктын же ара туулган козу-улактын тулубу да пайдаланылган.