КАШЫК КАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШЫК КАП – кашык салуучу чакан баштык­ча. Бир жак бети сайма, оймо-чиймелер менен көр­көмдөлүп, таар, кийиз жана кездемеден жасал­ган. Кашык капка боо тагылып, керегенин башына илинет. Кашык кап катары чаарчыктын же ара туул­ган козу-улактын тулубу да пайдаланылган.