КАШКЕЛЕҢ
КАШКЕЛЕҢ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Пишпек – Балыкчы т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 1090 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 1,5 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1002 (2007); негизинен мал м-н алектенет.