КАШКА-СУУ ЧОКУСУ
КАШКА-СУУ ЧОКУСУ – Арпанын Ала-Тоосунун эң бийик жери. Тоонун ортоңку бөлүгүндөгү түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан. Бийиктиги 4678 м. Батыш капталы тик, аскалуу, жылаңач, калганы мөңгүлүү. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, катмарлуу кремний, сланец, кумдук, бир аз гипстен турат. Ашууга жакын Жаман-Даван суусу башталат.