КАШКА-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ МӨҢГҮСҮ – Иле Ала-Тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 4,2 км2. Чоң Кемин суусунун ала­бында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3620 м бийикте жатат. Азыр мөңгү тар­тылууда. Мөңгүдөн Кашка-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) башталат.