КАШКА-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ МӨҢГҮСҮ – Иле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,2 км, аянты 4,2 км2. Чоң Кемин суусунун ала­бында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4280 м, этеги 3620 м бийикте жатат. Азыр мөңгү тар­тылууда. Мөңгүдөн Кашка-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) башталат.