КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ
КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ (Zygo- phyllum kascharicum) – жуп жалбырактуулар тукумундагы ийри-буйру өркүндүү бадал. Кабыгы кырдуу, боз түстө, жыгачы сары. Жан жалбыракчалары майда, жаргак сымал. Жаш өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден, эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү саптуу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат, жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын уз. 23 ммге жакын, эни 1–3 мм. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5– 2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңг. 1400–1700 м бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кырг-ндын Борб. Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.