КАНЦЕРОГЕН ЗАТТАРЫ
КАНЦЕРОГЕ́Н ЗАТТАРЫ – организмге таасир эткенде рак ж. б. шишик ооруларын пайда кылуучу түрдүү химиялык бирикмелер. Алар кээ бир өнөр жай ж-а өндүрүш таштандылары м-н булганган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтүнүндө болот. Өпкө рагы м-н тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин кислоталарынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. Ошондой эле тышкы чөйрөнүн терс таасири – абанын булгануусу, нурлануу ж. б. себеп болот. Организмге кирген канцероген заттардын таасири анын өлчөмү м-н таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алууда жеке тазалыкты сактоо, атмосфера, аба, суу, жер кыртышын, тамак-аш азыктарын канцероген заттар м-н булгануудан коргоо чоң мааниге ээ.