КАНЦЕРОГЕН ЗАТТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЦЕРОГЕ́Н ЗАТТАРЫ – организмге таасир эткенде рак ж. б. шишик ооруларын пайда кы­луучу түрдүү химиялык бирикмелер. Алар кээ бир өнөр жай ж-а өндүрүш таштандылары м-н булган­ган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтү­нүндө болот. Өпкө рагы м-н тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин кислота­ларынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. Ошондой эле тышкы чөйрө­нүн терс таасири – абанын булгануусу, нурла­нуу ж. б. себеп болот. Организмге кирген канцероген заттардын таасири анын өлчөмү м-н таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алуу­да жеке тазалыкты сактоо, атмосфера, аба, суу, жер кыртышын, тамак-аш азыктарын канцероген заттар м-н бул­гануудан коргоо чоң мааниге ээ.