КАФЕДРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ФЕДРА (грекче kathtdra – отургуч) – 1) Байыр­кы Грекияда жана Римде философтор менен чечен­дер чыгып сүйлөөчү бийик орун; 2) христиан чир­көөсүндө үгүт-насыят айтуу үчүн секиче; 3) Таат­ибадат кылуу учурунда епископ отуруучу орун­дук; 4) лекция, доклад жана башкалар окулуучу бийик орун; 5) Жогорку окуу жайларда бир же бир нече илим боюнча окутуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштери, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана башка маселелер жагы­нан бириккен профессор, окутуучу­лар бирикмеси. Кафедраны негизинен профессор, илимдин доктору башкарат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү кафедралар иштейт.