КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:33, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ы. Туманов атында, 1976-жылы ачылган. Окуу жайы­нан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. Тумановдун ысмы бе­рилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыр­гыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшена­лиева атындагы Кыргыз музыкалык искусство институтунан окуусун улантат. Окуу жа­йы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисттери Т. Жакшы­лыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эр­дик, Т. Керимбеков жана башкалар бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклор­дук жана башка ансамблдер уюшулган.