КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ТАБЫЛГЫТЫ ШААР КАЛДЫГЫ – VI–VIII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын дарыясы То­гуз-Тородон Кетмен-Төбөгө бурулуп аккан жер­деги Кара-Табылгыты секисинде жайгашкан. Чарчы түрдө, дубалдарынын узундугу 200 м. Батыш жана чыгыш дубалдарында эшик, түндүк жана түштүк тарабында дарбазанын орду байкалат. Дубал­дары бийик мунаралар менен бекемделген. Бурч­тарындагы негизги мунараларды эсептебегенде, түндүк жана түштүк тарабында 7ден, чыгыш жана ба­тыш дубалдарында 8ден мунара болгон. Казуу учурунда түрк элдериникине түспөлдөш карапа сыныктары, идиштер табылган.