КАРА МЕТАЛЛУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА МЕТАЛЛУРГИ́Я – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн менен болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш ма­териалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника менен жабдууда зор роль ойнойт. Мында кара металлургиянын негизги сырьёсу болуп, темир кенташтары менен кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө жана эришин тездетүүдө марганец кенташы кол­донулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кенташтары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Герма­ния, Англия, Францияда көп кездешет.

Ад.: Чёрная металлургия СССР. М., 1967; Казанец И. П. Чёрная металлургия на рубеже новой пятилетки. М., 1971.