КАЛИФОРНИЯ БУЛУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:37, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИФО́РНИЯ БУЛУҢУ Тынч океанда, Түндүк Американын батыш жээгинде (Мексика). Узундугу 1240 км, туурасы 220 кмге чейин, орточо тереңди­ги 750 м, эң терең жери 3292 м. Аралдар көп. Колорадо дарыясы куят. Гидрологиялык режими боюнча – деңиз. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 2,9 мге чейин). Балык (тунец, камбала, скумбрия, деңиз окуну) кармалат. Порту – Гуаймас (Мексика).