КАЛИФОРНИЯ БУЛУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИФО́РНИЯ БУЛУҢУ Тынч океанда, Түндүк Американын батыш жээгинде (Мексика). Узундугу 1240 км, туурасы 220 кмге чейин, орточо тереңди­ги 750 м, эң терең жери 3292 м. Аралдар көп. Колорадо дарыясы куят. Гидрологиялык режими боюнча – деңиз. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 2,9 мге чейин). Балык (тунец, камбала, скумбрия, деңиз окуну) кармалат. Порту – Гуаймас (Мексика).