КАЛЕНДАРЬ (күндөр тизмектелген басылма)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЛЕНДАРЬ to КАЛЕНДАРЬ (күндөр тизмектелген басылма)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕНДА́РЬ – жыл ичиндеги күндөр, жума­лар, айлар ырааттуу тизмектелип астрономиялык жана башка маалыматтар менен коштогон басылма. Календардын бир нече түрү бар: табель-календарь, барактама, айрып алма, альбом түрүндөгү, стол үстүнө кой­мо жана башкалар. Азыркы мезгилде түрдүү тексттер менен кооздолгон, сүрөттүү календарлар чыгарылат.