КАЛЕНДАРЬ (күндөр тизмектелген басылма)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕНДА́РЬ – жыл ичиндеги күндөр, жума­лар, айлар ырааттуу тизмектелип астрономиялык жана башка маалыматтар менен коштогон басылма. Календардын бир нече түрү бар: табель-календарь, барактама, айрып алма, альбом түрүндөгү, стол үстүнө кой­мо жана башкалар. Азыркы мезгилде түрдүү тексттер менен кооздолгон, сүрөттүү календарлар чыгарылат.