КАШКА-ДАРЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-ДАРЫЯ – Өзбек Респ-ндагы да­рыя. Уз. 378 км, алабынын аянты 8780 км2. Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун батыш тармактарынан башталып, Каршы талаасында кумга сиңип кетет. Орт. чыгымы тоодон чыга беришинде 25 м3/сек. Карши каналы аркылуу Аму-Дарыядан суу алат. К.-Д-да Чым-Коргон суу сактагычы курулган; боюнда Карши ш. бар.