КАШИРИН
КАШИ́РИН Фёдор Тихонович (11. 10. 1911, Воронеж облусу, Борисоглебский району, Танцырей кыштагы – 25. 04. 1997, Бишкек) –

геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1964), профессор (1968). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1954). Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1938). Кыргыз ССР геология башкармасында геологиялык партиялар м-н экспедициялардын башкы геологу, начальниги (1941–56), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1958–60), геология институтунда сектор башчы (1956), институттун директору (1975–88). Илимий эмгектери Кыргызстандын көмүр ж-а уран-көмүр кендеринин геологиясына, алардын таралыш өзгөчөлүгүнө, пайда болуу шарттарына арналган. 60 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Новый угленосный район в Киргизской ССР// Тр. Лаборатории угля АН СССР, В. 7. М., 1957; Геология месторождений угля и горючих сланцев. Т. 6. М., 1968; Узгенский каменноугольный бассейн. Ф., 1975 (соавт.).