КАШИРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШИ́РИН Фёдор Тихонович (11. 10. 1911, Во­ронеж облусу, Борисоглебский району, Танцырей кыштагы – 25. 04. 1997, Бишкек) –

геолог, геоло­гия-минералогия илимдеринин доктору (1964), профессор (1968). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1954). Москва геологиялык чал­гындоо институтун бүткөн (1938). Кыргыз ССР геология башкар­масында геологиялык партиялар м-н экспедициялардын баш­кы геологу, начальниги (1941–56), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1958–60), геология институтунда сектор башчы (1956), институттун директору (1975–88). Илимий эмгектери Кыргызстандын көмүр ж-а уран-көмүр кен­деринин геологиясына, алардын таралыш өзгө­чөлүгүнө, пайда болуу шарттарына арналган. 60 илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору. Ле­нин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ор­дендери, медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Новый угленосный район в Киргизской ССР// Тр. Лаборатории угля АН СССР, В. 7. М., 1957; Гео­логия месторождений угля и горючих сланцев. Т. 6. М., 1968; Узгенский каменноугольный бассейн. Ф., 1975 (соавт.).