КАТУУ ДИСК
КАТУУ ДИСК , в и н ч е с т е р – дисктин бир түрү. Бир нече диск цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруучу моторго туташтырылган ж-а ар бир диск окуу-жазуу куралы м-н камсыз кылынган түзүлүш. Флоппи дискке караганда катуу дискте жетүү өтө тез аткарылат ж-а анын эсинин көлөмү чоң. Катуу дискти сактоо мүмкүнчүлүгү: берилиштер катуу дисктин эки тарабына (бетине) сакталат. Эгерде диск киргизгичте бир катуу диск орнотулса, анда сактоо үчүн эки бет, эгерде эки катуу диск болсо анда төрт бет ж. б. пайдаланылат. Дискет сыяктуу катуу дискти да колдонуу алдында калыптап (форматтап) алуу керек. Форматтоо алдында колдонуучунун каалоосу м-н катуу дискти логикалык диск деп аталган бир нече бөлүккө бөлүп коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Ар бир логикалык диск өзүнчө диск катары каралып, аларга ар башка бөлүмдөрдүн берилиштерин сактоого, ошондой эле бөлүктөрдүн ар бирине ар башка иштетүү системасын орнотууга болот. Жеке компьютердеги катуу дисктин логикалык бөлүктөрү Сден башталып, латын ариптеринин ирети м-н аталат. А ж-а В ариптери м-н флоппи диск тейлегичтери белгиленет. Катуу дисктин көлөмү мегабайт, гигабайт, терабайт же петабайт м-н өлчөнөт. Заманбап жеке компьютердин катуу дисктеринин сактоо көлөмү бир гигабайттан бир нече ондогон гигабайтка чейин жетти. Бир гигабайт эске ар бир барагы 2000 символдон турган 500000 барак маалымат сакталат.