КАТОД-ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТО́Д-ЛЮМИНЕСЦЕ́НЦИЯ – затты электрон­дор (катод нуру) м-н дүүлүктүргөндө (бомбала­ганда) пайда болуучу люминесценция; радиолю­минесценциянын бир түрү, мисалы, электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, молекулалык кристалл, кристалл-фосфор катод-люминесценция жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасири­не туруктуу келип, жетишерлик жарык чыга­рат, ошондуктан ал катод-люминофор катары колдонулат. Катод-люминесценциянын спектри фотолюминесцен­циянын спектрине окшош. Катод-люминесценция вакуум элек­троникасында колдонулат. Катод-люминесценция кубулушу ла­зерди түзүүгө негиз болгон.