КАТОВИЦЕ
КАТОВИ́ЦЕ – Польшанын түштүгүндөгү шаар.
Силезия воеводдугунун адм. борбору. Висла д-нын алабында жайгашкан. Калкы 307,7 миң (2008); өлкөдөгү эң ири Жогорку Силезия (калкы 2,5 млн) агломерациясынын борбору. Ири жолдор (а. и. эл аралык автомагистралдар) тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1598-ж. жазма эстеликтерде эскерилет. Соңку готика стилиндеги Михаил Архангел жыгач костёлу (1510), неоготика стилиндеги Ыйык Мария бийкеч (1870), Ыйык Стефан (1894) костёлдору,
өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. К. – өлкөнүн
оор ө. ж-нын ири борбору. Катовице мамл. көмүр холдинги Жогорку Силезиядагы көмүр бассейнинин иштеп жаткан шахталарын бириктирет. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоокен ө. ж. үчүн машиналар ж-а жабдуулар), жогорку технологиядагы электрон жабдууларын ж-а оптика приборлорун чыгарат, хим. (жер семирткич), тамак-аш, фарфор-фаянс, полигр.
ө. ж. ишканалары иштейт. Курулуш индустриясы өнүккөн. Польша ИАнын бөлүмү, ин-ттар,
ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ (а. и. Силезия мед. ун-ти, 1948; Польшадагы эң ири), 9 академия (а. и. муз., экон. ж. б.), жогорку мектептер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар, филармония бар. Шаардын чегинде 12 парк (8и коргоого алынган), токой ж-а флора табигый коруктары уюштурулган. Эл аралык фестивалдар, конкурстар (дирижёрлордун ж. б.) ж-а соода ярмаркалары өткөрүлүп турат.