КАТОВИЦЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТОВИ́ЦЕ – Польшанын түштүгүндөгү шаар. Силезия воеводдугунун административдик борбору. Висла дарыясынын алабында жайгашкан. Калкы 307,7 миң (2008); өлкөдөгү эң ири Жогорку Силезия (кал­кы 2,5 млн) агломерациясынын борбору. Ири жолдор (анын ичинде эл аралык автомагистралдар) тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1598-жылы жазма эстеликтерде эскерилет. Соңку готика сти­линдеги Михаил Архангел жыгач костёлу (1510), неоготика стилиндеги Ыйык Мария бий­кеч (1870), Ыйык Стефан (1894) костёлдору, өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. Катовице – өлкөнүн оор өнөр жайынын ири борбору. Катовице мамлекеттик көмүр холдинги Жогорку Силезиядагы көмүр бассей­нинин иштеп жаткан шахталарын бириктирет. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоо­кен өнөр жайы үчүн машиналар ж-а жабдуулар), жо­горку технологиядагы электрон жабдууларын ж-а оптика приборлорун чыгарат, химия (жер се­мирткич), тамак-аш, фарфор-фаянс, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Курулуш индустрия­сы өнүккөн. Польша ИАнын бөлүмү, институттар, ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ (анын ичинде Силезия медицина университети, 1948; Польшадагы эң ири), 9 академия (анын ичинде музыкалык, экономикалык ж. б.), жогорку мектептер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар, филармония бар. Шаардын чегинде 12 парк (8и коргоого алынган), токой ж-а флора табигый коруктары уюштурулган. Эл аралык фестивал­дар, конкурстар (дирижёрлордун ж. б.) ж-а соо­да ярмаркалары өткөрүлүп турат.