КАТЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ТЛА – Исландиянын түштүгүндөгү өчө элек эң чоң жанартоо. Бийикт. 970 м. Кальдерасы­нын диаметри 10 км. Дүйнөдөгү эң ири Мюр­дальсйёкюдль муздугунун түш.-чыгыш бөлүгү м-н жабылып турат. 10-к-дан бери 14 жолу ка­туу атылуулар, акыркысы 1918-ж. болгон. Муз­дук астында атылуу музду ургаалдуу эритип, суу ташкындап, жээкти суу басып калууга алып келет. Ошондуктан бул жанартоо Исландия үчүн дайыма коркунучтуу. Кийинки учурда К-нын активдешүүсү байкалууда.