КАТЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ТЛА – Исландиянын түштүгүндөгү өчө элек эң чоң жанартоо. Бийиктиги 970 м. Кальдерасы­нын диаметри 10 км. Дүйнөдөгү эң ири Мюр­дальсйёкюдль муздугунун түштүк-чыгыш бөлүгү м-н жабылып турат. 10-кылымдан бери 14 жолу ка­туу атылуулар, акыркысы 1918-жылы болгон. Муз­дук астында атылуу музду ургаалдуу эритип, суу ташкындап, жээкти суу басып калууга алып келет. Ошондуктан бул жанартоо Исландия үчүн дайыма коркунучтуу. Кийинки учурда Катланын активдешүүсү байкалууда.