КАТАР-ЖАҢГАК
КАТАР-ЖАҢГАК – Жалал-Абад обл-нун Базар- Коргон р-нундагы кыштак. Кызыл-Үңкүр айыл округуна караштуу. «Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр суусунун оң жээгиндеги жапайы жаңгак-жемиш токоюнун арасында, деңиз деңг. 1080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 62 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 95 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен токойчулукта ж-а аарычылыкта эмгектенет. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар – «Медик», «Алтын-Булак» лагерлери, «Кара-Булак» турбазасы жайгашкан.