КАТАР-ЖАҢГАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАТАР-ЖАҢГАК – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кызыл-Үңкүр айыл округуна караштуу. «Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр суусунун оң жээгиндеги жапайы жаңгак-жемиш токоюнун арасында, деңиз деңгээлинен 1080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 95 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 1106 (2022); негизинен токойчулукта ж-а аарычылыкта эмгектенет. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар – «Медик», «Алтын-Булак» лагерлери, «Кара-Булак» турбазасы жайгашкан.