КАТАКЛАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАКЛА́З (гр. kataklf– – талкалайм) – тек­тоникалык кыймылдардын, метаморфизмдин таасири­нен тоо тектери м-н минералдардын түзүлүшүнүн өзгөрүшү ж-а талкаланып кетиши. Негизинен тектоникалык жаракаларда, метаморфизм аймакта­рында байкалат. Мында минералдардын крис­таллдык торчосу бузулат. Кристаллдарынын өлчөмү өзгөрөт. Катаклаздык түзүлүш келип чыгат. Микроскоп м-н аныкталат. Өтө майда талка­ланса, «тектоникалык ун» (тоо уну) деп аталат. Ай­мак минерал заттардын эритиндилерин өткөрүү­гө жакшы шарт түзөт. Натыйжада алардын кени топтолот.