КАТАКЛАЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАТАКЛА́З (гр. kataklf– – талкалайм) – тектоникалык кыймылдардын, метаморфизмдин таасиринен тоо тектери м-н минералдардын түзүлүшүнүн өзгөрүшү ж-а талкаланып кетиши. Негизинен тектоникалык жаракаларда, метаморфизм аймактарында байкалат. Мында минералдардын кристаллдык торчосу бузулат. Кристаллдарынын өлчөмү өзгөрөт. Катаклаздык түзүлүш келип чыгат. Микроскоп м-н аныкталат. Өтө майда талкаланса, «тектоникалык ун» (тоо уну) деп аталат. Аймак минерал заттардын эритиндилерин өткөрүүгө жакшы шарт түзөт. Натыйжада алардын кени топтолот.