КАСЫМБАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМБАЙ Бирназар (Кара мерген) уулу (1873, Нарын өрөөнү – 1943, ошол эле жер) – манас­чы. Тынымсейит уруусунан. Тыныбек манасчы м-н тааныш болгон. Башка манасчылардай эле «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырат. Андан эпостун «Манас» бөлүмүнөн: «Манастын бала чагы», «Жети кан­дын окуясы», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат», «Каныкейдин Букарга качышы»; «Семетей» бөлүмүнөн: «Семетейдин Сарытазга жолугушу», «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү», «Семетей баатырдын Манастын кунун куушу», Семетей­дин кайып болушу», «Канчоронун кастыгы» эпи­зоддору баласы Дөөталынын айтуусунда жазы­лып алынган.