КАСЫМБАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАСЫМБАЙ Бирназар (Кара мерген) уулу (1873, Нарын өрөөнү – 1943, ошол эле жер) – манасчы. Тынымсейит уруусунан. Тыныбек манасчы м-н тааныш болгон. Башка манасчылардай эле «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н байланыштырат. Андан эпостун «Манас» бөлүмүнөн: «Манастын бала чагы», «Жети кандын окуясы», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат», «Каныкейдин Букарга качышы»; «Семетей» бөлүмүнөн: «Семетейдин Сарытазга жолугушу», «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү», «Семетей баатырдын Манастын кунун куушу», "Семетейдин кайып болушу», «Канчоронун кастыгы» эпизоддору баласы Дөөталынын айтуусунда жазылып алынган.