КАСКАД ТООЛОРУ
КАСКА́Д ТООЛОРУ – Түн. Америка Кордильерасынын батыш тилкеси, АКШнын батышында, бир аз бөлүгү Канадада. Уз. 1000 кмдей. Негизинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн ж-а аракеттеги жанартоо конустары (Рейнир, бийикт. 4392 м); Шаста 4317 м; Лассен- Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (Крейтер- Лейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер д-нда тепкичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган. О. эле к. Кордильера тоолору.