КАСИЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕТ – нерсенин башка заттардан айырма­сын же окшоштугун шарттоочу ж-а алар м-н карым-катнашты аныктоочу филос. категория. К-тер салыштырмалуу болот. Бир эле зат бир нече К-ке ээ ж-а алардын баары биригип, ал заттын өзүнө таандык белгисин ж-а башкалар­дан айырмаланган өзгөчөлүгүн билдирет. Нер­сенин айрым К-ин үйрөнүү анын сапатын би­лүүнүн баскычы болуп саналат.