КАРЫМШАКОВ Абдыкасым
КАРЫМШАКОВ Абдыкасым (1913, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району)

Күрмөнтү кыштагы – 6. 8. 1997, ошол эле жер) – Даңк орденинин толук кавалери, учкуч-аткыч. 1941-жылдын сентябрынан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Түштүк, 4-, 1-Украин ж-а Беларусь фронтторунда салгылашып, Таганрог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Витебск, Борисов шаарларын бошотууга, Сандомир плацдармын ээлөөгө, Кёнигсберг шаарын алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылаштагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине, Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 2- ж-а 1-даражадагы Даңк ордендерине татыктуу болгон. Согуш убагында 203 согуштук учуш жасап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп ж-а Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы м-н аталат.