КАРЫБАЕВ
КАРЫБАЕВ Cакиш (23. 11. 1949-ж. т.– Ысык- Көл обл.– Түп р-ну– Түп айылы) – экономика илимд. доктору (2003)– география илимд. кандидаты (1986). Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу маселелери б-ча адис. Пржевальск мамл. педагогика ин-тун (1976)– М. Ломоносов атн. ММУнун аспирантурасын (1998) бүткөн. КР Жаратылышты коргоо б-ча мамл. к-тинин ил. кызматкери (1989–90)– Каракол башкаруу ин-тунун проректору– ректору (1990– 97)– КМУнун Караколдогу филиалынын директору (1997–2003)– 2003-жылдан И. Арабаев атн. КМПУнун проф. 50дөн ашуун ил. эмгеги– а. и. 3 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Территориальная организация производительных сил и их влияние на экологическое состояние Кыргызстана. Каракол, 2002; Проблемы экономики и организации природопользования в Кыргызстане. Каракол, 2002; Экономико-организационный механизм
устойчивого развития горной экосистемы Кыргызстана. М.– 2003.