КАРЫБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫБАЕВ Cакиш (23. 11. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп айылы) – экономика илимдеринин доктору (2003), география илимдеринин кан­дидаты (1986). Жаратылыш ресурстарын сарам­жал пайдалануу маселелери боюнча адис. Прже­вальск мамлекеттик педагогика институтун (1976), М. Ло­моносов атындагы ММУнун аспирантурасын (1998) бүткөн. КР жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин илимий кызматкери (1989–90), Каракол башкаруу институтунун проректору, ректору (1990–97), КМУнун Караколдогу филиалынын дирек­тору (1997–2003), 2003-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУнун профессору. 50дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Территориальная организация производитель­ных сил и их влияние на экологическое состояние Кыргызстана. Каракол, 2002; Проблемы экономики и организации природопользования в Кыргызстане. Каракол, 2002; Экономико-организационный механизм устойчивого развития горной экосистемы Кыргыз­стана. М., 2003.