КАРФАГЕН
КАРФАГЕ́Н (финикийче К а р т х а д а ш т –
жаңы шаар) – Түн. Африкадагы байыркы кул
ээлик шаар-мамлекет. Ал б. з. ч. 7–4-к-да Түн.
Африканын жээк бөлүктөрүн, Түш. Испаниянын ж-а Жер ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. К-ди б. з. ч. 825-ж. Тир ш-нан
чыккан финикиялык колониячылар негиздеген.
Геогр. абалынын ыңгайлуулугу анын ири соода борбору болушуна шарт түзгөн. Кол өнөрчүлүк м-н ири кул ээлиги (а. ч-нда) кеңири өнүккөн. К-ге баш ийген калктар Карфаген бийлөөчүлөрүнө натуралай салык берип, финикиялык колониялар соода кылганы үчүн бажы төлөп турушкан. Б. з. ч. 3-к-дын башында Сицилия бүт
бойдон (Сиракузыдан башкасы) К-дин карамагына өткөн. Сицилия 1-Пуни согушу (264–
241-ж.) мезгилинде К. м-н Римдин ортосунда талашка түшкөн. Бул талашта К. жеңилип, Сицилиядан баш тарткан. Б. з. ч. 3-к-дын 30–40-
жылдарында К-де бийлик Гамилькар Барка башкарган демокр. топтун колуна өткөн. Б. з. ч. 237- ж-а 219-ж. К-ди бийлөөчүлөр өз мамлекетинин согуштук күч-кубатын чыңдоо м-н эле чектелбей, Испанияда ээлеген жерлерин кеңейтүүгө жетишкен. Б. з. ч. 219-ж. К. башкаруучусу Ганнибалдын Сагунта ш-н курчап алышы 2-Пуни
согушунун (б. з. ч. 218–201) чыгышына себеп
болгон. К. бийлөөчүлөрү Замда (б. з. ч. 202-ж.) жеңилген соң Рим м-н тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, Испаниядагы бийлигинен ажыраган. Римдиктер К-дин экон. жактан кубаттанып кетишинен кооптонушуп, 3-Пуни согушун
(б. з. ч. 149–146-ж.) ачкан. Мында К. аскери
жеңилип, калкы кулдукка сатылган. К. аймагынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, калганы Римдин Африкадагы провинциясына айланган.
Ад.: Циркин Ю. Б. Карфаген и его культура. М.,
1986; Шифман. И. Ш. Карфаген. СПб., 2006.