КАРФАГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРФАГЕ́Н (финикийче К а р т х а д а ш т – жаңы шаар) – Түндүк Африкадагы байыркы кул ээлик шаар-мамлекет. Ал б. з. ч. 7–4-кылымдарда Түндүк Африканын жээк бөлүктөрүн, Түштүк Испаниянын ж-а Жер ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. Карфагенди б. з. ч. 825-жылы Тир шаарынан чыккан финикиялык колониячылар негиздеген. Географиялык абалынын ыңгайлуулугу анын ири соода борбору болушуна шарт түзгөн. Кол өнөрчүлүк м-н ири кул ээлиги (айыл чарбасында) кеңири өнүккөн. Карфагенге баш ийген калктар Карфаген бийлөөчүлө­рүнө натуралай салык берип, финикиялык ко­лониялар соода кылганы үчүн бажы төлөп ту­рушкан. Б. з. ч. 3-кылымдын башында Сицилия бүт бойдон (Сиракузыдан башкасы) Карфагендин кара­магына өткөн. Сицилия 1-Пуни согушу (264–241-ж.) мезгилинде Карфаген м-н Римдин ортосунда та­лашка түшкөн. Бул талашта Карфаген жеңилип, Си­цилиядан баш тарткан. Б. з. ч. 3-кылымдын 30–40-жылдарында Карфагенде бийлик Гамилькар Барка башкарган демократиялык топтун колуна өткөн. Б. з. ч. 237- ж-а 219-жылдарда Карфагенди бийлөөчүлөр өз мамлеке­тинин согуштук күч-кубатын чыңдоо м-н эле чек­телбей, Испанияда ээлеген жерлерин кеңейтүүгө жетишкен. Б. з. ч. 219-жылы Карфаген башкаруучусу Ган­нибалдын Сагунта шаарынн курчап алышы 2-Пуни согушунун (б. з. ч. 218–201) чыгышына себеп болгон. Карфаген бийлөөчүлөрү Замда (б. з. ч. 202-жыл) жеңилген соң Рим м-н тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, Испаниядагы бийлигинен ажы­раган. Римдиктер Карфагендин экономикалык жактан кубатта­нып кетишинен кооптонушуп, 3-Пуни согушун (б. з. ч. 149–146-жылдар) ачкан. Мында Карфаген аскери жеңилип, калкы кулдукка сатылган. Карфаген айма­гынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, кал­ганы Римдин Африкадагы провинциясына ай­ланган.


Ад.: Циркин Ю. Б. Карфаген и его культура. М.,1986; Шифман. И. Ш. Карфаген. СПб., 2006.