КАРТИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТИНГ (англ. carting, cart – арабача деген­ден) – карт м-н спорттук жарышуу; жарыш өтүүчү атайын аянт. Картингдин жолу көп сандагы ар кандай өлчөмдөгү оң ж-а сол бурулуштардан турган татаал конфигурацияларды камтыйт. Алардын узундугу эл аралык автомобиль федерация­сынын талаптарына ылайык 400 мден 1200 мге чейин, туурасы 6 мден 10 мге чейин, түз бөлүгү­нүн узундугу 100 мге чейин болот. Картингдин спорттук жа­рыштары эл аралык формула, эл аралык, улут­тук ж-а спортту сүйүүчүлөр класстарына бөлүнөт. Картингде башка автомобиль жарыштары сыяктуу жол көрсөтүүчү желектер колдонулат. Алар түсүнө карата айрым белгилерди көрсөтүшөт. Мисалы, чакмактуусу жарыштын аягын, кызыл түстөгүсү жарыштын токтошун, сарысы корку­нуч туулушун ж. б. билдирет. 2007-жылдан Картингдин KF1– KF4, KZ1, KZ2 жаңы класс систе­малары боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ошондой эле мурдакы «Суперкарт», «Формула-А», «Интер­континенталь-А», «Эл аралык формула», «Ро­такс-макс» ж. б. түрлөрү боюнча эл аралык ж-а Кыргызстанда картинг сүйүүчүлөрдүн мелдештери өтүп ту­рат, к. Автомобиль спорту.