КАРТИНГ
КА́РТИНГ (англ. carting, cart – арабача дегенден) – карт м-н спорттук жарышуу; жарыш өтүүчү атайын аянт. Картингдин жолу көп сандагы ар кандай өлчөмдөгү оң ж-а сол бурулуштардан турган татаал конфигурацияларды камтыйт. Алардын узундугу эл аралык автомобиль федерациясынын талаптарына ылайык 400 мден 1200 мге чейин, туурасы 6 мден 10 мге чейин, түз бөлүгүнүн узундугу 100 мге чейин болот. Картингдин спорттук жарыштары эл аралык формула, эл аралык, улуттук ж-а спортту сүйүүчүлөр класстарына бөлүнөт. Картингде башка автомобиль жарыштары сыяктуу жол көрсөтүүчү желектер колдонулат. Алар түсүнө карата айрым белгилерди көрсөтүшөт. Мисалы, чакмактуусу жарыштын аягын, кызыл түстөгүсү жарыштын токтошун, сарысы коркунуч туулушун ж. б. билдирет. 2007-жылдан Картингдин KF1– KF4, KZ1, KZ2 жаңы класс системалары боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ошондой эле мурдакы «Суперкарт», «Формула-А», «Интерконтиненталь-А», «Эл аралык формула», «Ротакс-макс» ж. б. түрлөрү боюнча эл аралык ж-а Кыргызстанда картинг сүйүүчүлөрдүн мелдештери өтүп турат, к. Автомобиль спорту.