КАРТИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТИНГ (англ. carting, cart – арабача деген­ден) – карт м-н спорттук жарышуу; жарыш өтүүчү атайын аянт. К-дин жолу көп сандагы ар кандай өлчөмдөгү оң ж-а сол бурулуштардан турган татаал конфигурацияларды камтыйт. Алардын уз. эл аралык автомобиль федерация­сынын талаптарына ылайык 400 мден 1200 мге чейин, туурасы 6 мден 10 мге чейин, түз бөлүгү­нүн уз. 100 мге чейин болот. К-дин спорттук жа­рыштары эл аралык формула, эл аралык, улут­тук ж-а спортту сүйүүчүлөр класстарына бөлүнөт. К-де башка автомобиль жарыштары сыяктуу жол көрсөтүүчү желектер колдонулат. Алар түсүнө карата айрым белгилерди көрсөтүшөт. Мис., чакмактуусу жарыштын аягын, кызыл түстөгүсү жарыштын токтошун, сарысы корку­нуч туулушун ж. б. билдирет. 2007-жылдан К-тин KF1– KF4, KZ1, KZ2 жаңы класс систе­малары б-ча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. О. эле мурдакы «Суперкарт», «Формула-А», «Интер­континенталь-А», «Эл аралык формула», «Ро­такс-макс» ж. б. түрлөрү б-ча эл аралык ж-а Кырг-нда К. сүйүүчүлөрдүн мелдештери өтүп ту­рат, к. Автомобиль спорту.