КАРТА
КА́РТА (гр. chartes – жазууга пайдалануучу папирус барагы же түрмөгү) – 1) жер бетинин, жылдыздуу асмандын же алардын айрым бөлүктөрүнүн кичирейтилип, матем. жактан аныкталып ж-а жалпыланып, шарттуу белгилер м-н тегиздикке (кагазга ж. б.) түшүрүлүшү; маалыматтары картанын темасына ж-а милдетине жараша болот; мис., географиялык карталар, жылдыз карталары. К. салыштырмалуу түп нускасына окшош, масштабы, ачык түшүнүктүүлүгү, баяндамалуулугу м-н ил. билим берүүдө география, геология, геофизика, социология ж. б. Жер ж-а коом ж-дөгү илимдерде чындыктын сүрөттүү үлгүсүн берет, о. эле багыттоочу ж-а маалымат берүүчү каражат болуп эсептелет; 2) бланка; 3) оюн К-сы.