КАРРЕРАС
КАРРЕ́РАС Хосе (5. 12. 1946-ж. т., Барселона) – испан ырчысы (тенор). 11 жашынан «Лисео» (Барселона) театрында М. де Фальининин «Петро маэстронун балаганчиги» операсынан Аңгемечинин партиясын аткарган. Барселона консерваториясын бүткөн. Алгач 1970-ж. Барсело-

на театрынын сценасында
В. Беллининин «Норма» операсында Флавиянын партиясын ырдап чыккан. Пармадагы Ж. Верди атн. вокалисттер конкурсунун лауреаты (1971). Ж. Вердинин «Набукко», Г. Доницеттинин «Лукрецио Борджиа», (экөө тең «Лисео» театры, 1970), «Мария Стю арт »
(Лондон, 1971) операларын М. Кабалье м-н бирге ырдап чыккандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган. К. 60тан ашык опералык партияны «Ла Скала» (Милан), «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк), «Ковент-Гарден» (Лондон), Вена ж-а Бавария мамл. (Мюнхен) опера театрлары ж. б. дүйнөлүк театрлардын сценаларында чоң
чеберчиликте аткарган. 1990-ж. П. Доминго ж-а
Л. Паваротти м-н бирге «Үч тенор» эл аралык долбоорунун алкагында ырдап чыккан. Эл аралык Лейкемияга каршы күрөшүү фондун уюштурган (1988). Ардактуу легион ордени м-н сыйланган.